Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Дүйнөдө коронавирус жуккандар 43 миллион адамдан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрү экинчи толкун менен күрөшүп, чара көрүп жаткан кезде Австралия 26-октябрда жайында илдеттин эпицентри болуп келген Мелбурн шаарында төрт айлык карантин аяктай турганын билдирди. Шейшембиден тартып бардык дүкөндөр жана ресторандар ачылмакчы. 9-ноябрдан тартып шаар тургундары үйлөрүнөн 25 чакырым алыс чыга алышат.

Жалпысынан Австралия коронавирусту ооздуктоонун ийгиликтүү үлгүсү катары каралып келатат.

25 миллион адам жашаган өлкөдө вируска 27,5 миң киши чалдыкты, 905 киши көз жумду. Вирустун жайылышынын алдын алыш үчүн Австралия сырткы чек араларын жаап койгон. Анын түмөндөгөн жарандары кайта албай, чет жактарда калган.

Ал эми Европада Испаниянын өкмөтү 25-октябрда өзгөчө абал жарыялады жана кечки саат 11ден таңкы саат 5ке чейин коменданттык саат киргизди.

Францияда жекшембиде инфекцияланган 52 миң киши катталды. Орусияда бул көрсөткүч 17 миңден ашты.

Италиянын бийлиги коронавирус жугузуп алгандар көбөйгөнү саламаттык сактоо системасына чоң күч келтиргенин эскертти. 23-октябрда айрым шаарларда коменданттык саат күчүнө кирген, бирок бир катар жерлерде бул чараларга каршы нааразылык акциялары өттү.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, жалпы дүйнөдө коронавирусту 43 миллиондон ашык адам жугузуп, бир миллион 154 миңден ашык адам көз жумду. Каза болгондордун саны боюнча АКШ, Бразилия, Индия алдыда келатат.

XS
SM
MD
LG