Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Тоолуу Карабакта ок атпоо режими кайрадан бузулганы кабарланды


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Армения жана Азербайжан Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу боюнча жаңы режимдин бузулушу үчүн бири-бирин айыптап жатышат.

Буга чейин 26-октябрдан тартып АКШнын арачылыгы менен эки тарап ок атууну токтотууга макул болушкан. Армениянын Коргоо министрлиги жаңы келишим күчүнө киргенден бери Азербайжандын аскерлери эки жолу ок атканын кабарлады.

Мындай маалыматты четке каккан Азербайжандын аскердик жетекчилиги болсо, тескерисинче Армения Тертер шаарын аткылаганын билдирди.

Өз кезегинде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян «Фейсбуктагы» баракчасына «Ереван ок атпоо режимин сактайт» деп жазган болчу.

Өткөн аптада АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Азербайжандын жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөн. Анын жыйынтыгында чатак зонасында 26-октябрдан тартып атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлгөнү кабарланган.

Карабакта жаатташкан тараптар октябрь айынын ичинде эки жолу элдешүү келишимин түзүшкөн. Анын бири Москвада түзүлгөн. Бирок келишим ишке ашырылган эмес.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талашка түшкөн Тоолуу Карабак аймагындагы кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылыштар болууда. Анын жыйынтыгында жүздөгөн адамдын каза болгону, анын ичинде жайкын тургундардын көп экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG