Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Адистер Жапаров шайлоого кетсе өлкө укуктук туңгуюкка кабыларын болжоп жатышат


Чолпон Жакупова, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси.
Чолпон Жакупова, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси.

Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун билдирүүсү юристтердин талкуусуна жем таштады. Мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда мамлекетти башкаруу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасына өтүшү мүмкүн. Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова «Vesti.kg» сайтына Садыр Жапаров президенттик шайлоого кетсе өлкөдө укуктук туңгуюк жаралышы мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, мыйзам боюнча президенттин милдетин парламент төрагасы гана аткара алат. Бирок азыркы төрага Канатбек Исаев бул кызматтан баш тарткан.

Анын үстүнө парламенттин мөөнөтү 28-октябрда аяктайт жана ал президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан спикерди кайра шайлоосу суроо жаратат. Жакупова «булар хаос, башаламандык жана анархиялык абал түзүп жатышат» деди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык башаламандык менен уланып, өлкөдө бийлик алмашкан. Азыр президенттик милдетти премьер-министр Садыр Жапаров аткарууда. 25-октябрда Нарында эл менен жолугушууда ал Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөрүн жана ага катышуу үчүн декабрдын башында бүгүнкү кызматын тапшырарын жарыялады.

23-октябрда Жапаров президенттик жана парламенттик шайлоолор Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдан кийин өтөрүн айткан.

Ал кыргызстандыктарга кайрылып: «Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат», - деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG