Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Жанарбек Акаев: Бишкек мэрине талапкерлигим көрсөтүлгөнү боюнча кабарым жок


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Акаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, борбор шаардын башчылыгына талапкерлиги көрсөтүлгөнү боюнча такталбаган кабарларды маалымат каражаттарынан окуган.

«Мага мэрлик кызматка барууну эч ким сунуш кылган жок жана маалыматтын кайдан чыкканын билбейм. Бишкектин мэрлигине баруу планым жок», - деди Акаев.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары өкмөттөгү булактарына таянып, Жанарбек Акаевдин талапкерлиги Бишкектин мэрлигине көрсөтүлүп жатканын билдиришкен.

Бишкек шаарын 2018-жылдан бери жетектеп келген Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер катары катышуу үчүн мэрлик кызматтан баш тартканын, мэрдин милдетин биринчи вице-мэр болуп 20-октябрда дайындалган Нариман Түлеев аткарарын ошол күнү жарыялаган.

21-октябрда мэриянын алдында Түлеевге каршы чыккандардын жана тарапкерлеринин митинги өткөн. Мындан кийин Нариман Түлеев кызматтан кетерин билдирген. Бирок Бишкек мэриясы 26-октябрда шаар башчысынын милдетин Түлеев аткарып жатканы боюнча кабар тараткан.

XS
SM
MD
LG