Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Орус-казак чек арасында өзбекстандыктар топтолуп турат


Өзбекстандын 200дөй жараны Орусия менен Казакстандын чек арасында, Астрахан облусунда мекенине өтө албай турушат. Алар чек ара ачык деген туура эмес маалыматты угуп алып жолго чыгышкан. Бирок Казакстандын аймагына ал жакта туруктуу жашагандар, жакын туугандары казак жарандары болсо, катуу ооруган жакындарын караганы же өздөрү дарылануу үчүн баратса гана кире алышат.

Өзбекстандыктар акчасы түгөнгөнүн, суук түшкөнүн, жергиликтүү тургундар аларга тамак-аш жагынан жардам берип жатышканын айтышууда. Мигранттар машинелерде, кээ бирлери ачык асман астында түнөп жатат. Алар Өзбекстандын элчилигинен жардам күтүп жатканын, бирок азырынча чара көрүлө элек экенин айтышты.

XS
SM
MD
LG