Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Алматыда кинотеатрлардын ишине уруксат берилди


Ээн кинозал. Алматы.
Ээн кинозал. Алматы.

26-октябрдан тартып кинотеатрларга бир катар талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берилди. Ага ылайык, кинозал 30% гана толушу керек, көрүүчүлөр сөзсүз беткап кийишет. Мындай чечимди шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин дүйшөмбүдө, түштөн кийин кабарлады.

Анын айтымында, өткөн аптанын аягында коронавируска чалдыккандар азайганы аныкталды. Буга байланыштуу соода, оюн-зоок борборлоруна жана кинотеатрлардын иштешине уруксат берилди.

Казакстанда кинотеатрлар пандемия башталган март айында жабылган.

Мурдараак COVID-19 вирусуна каршы мекеме аралык комиссия 26-октябрдан тартып, «жашыл аймактагы» кинотеатрлар ишке киришерин маалымдаган.

Алматыда кинотеатрлардан тышкары соода, оюн-зоок борборлору, мечиттер, чиркөөлөр, азык-түлүк саткан жабык базарлар, шаар борборундагы коомдук тамактануучу жайлар да иштей баштады.

Түнкү клубдар, караоке-барлар жана компьютердик клуб баштаган 19 ишкананын ишин жандантууга уруксат жок.

XS
SM
MD
LG