Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Эрдоган француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырды


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк коомчулугун француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырды.

Бир күн мурун Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген. Буга жооп катары Эрдоган мамлекеттин баалуулуктарын радикал исламчылардан коргоо тууралуу француз президентинин сөздөрүн катуу сындаган. Өз кезегинде Макрон кеңешүү үчүн Анкарадан Франциянын элчисин чакыртып алган.

Би-Би-Си исламда Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартууга тыюу салынганын, мусулмандардын көбү мындай аракеттерди динди кемсинтүү катары кабыл алышарын баяндаган макала жазды. Ошол эле маалда макалада Франция дүйнөбий мамлекет экени жана бул француздардын улуттук иденттүүлүгүнүн борбордук принциптеринин бири экени белгиленген.

16-октябрда Париждин жака-белинде 47 жаштагы тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы жасаган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG