Тажикстан менен Өзбекстан Ташкент жана Дүйшөмбү шаарларынын ортосундагы аба каттамдарын жандандырууну макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, алгачкы каттам 28-октябрда Ташкент-Душанбе-Ташкент багыты боюнча аткарылат. Бирок айрым басылмалар өз булактарына таянып, шаарлардын ортосунда учактар 2-ноябрдан тартып уча баштай турганын жазып чыгышты.
Болжолдуу жадыбалга ылайык, каттамдар Ташкенттен Дүйшөмбүгө шаршемби күндөрү, Дүйшөмбүдөн Ташкентке бейшемби күндөрү аткарылып турат.
Эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы аба байланышы 16-мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.