Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болду


Балбак Түлөбаев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.
Балбак Түлөбаев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.

Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланып келгенче калаа башчынын милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн 27-октябрда Түлөбаевди мэриянын жамаатына өкмөттүк аппараттын башчысы Бактыбек Аманбаев тааныштырып, дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун кабарлады.

48 жаштагы Түлөбаев 2018-жылы Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп дайындалып, бул кызматта быйылкы жылдын июлуна чейин иштеген. 27-июлдан тартып ал өкмөттүн Ысык- Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Буга чейинки мэр Азиз Суракматов парламенттик шайлоого катышарын айтып, 20-октябрда кызматын биринчи вице-мэрликке жаңы дайындалган Нариман Түлеевге тапшырганын жарыялаган. Кийин Түлеев иштен кетүү тууралуу арызын жазганы кабарланган. 26-октябрда мэрия шаар башчынын милдетин кайрадан Түлеев аткарып жатканын расмий маалымдаган.

Бишкектин мэрин шаардык кеңеш шайлайт. Шайлоо келерки жылдын апрель айында өтөрү кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG