Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Борбор Азиядагы жашылча-жемиш экспорттоочулар жөнүндө маалымдама-китепче жарык көрдү


Картөшкө өндүрүүчүлөр. АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) берген сүрөт. Иллюстрация.
Картөшкө өндүрүүчүлөр. АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) берген сүрөт. Иллюстрация.

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Борбор Азиядан чыккан айыл чарба өндүрүмдөрүн жаңы рынокторго чыгарууга көмөктөшүү максатында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жашылча-жемиш экспорттоочулардын маалымдамасын түздү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалымдама дүйнөдө потенциалдуу сатып алуучулардын арасында кеңири маалымат жайылтуу максатын көздөйт. Ал импорттоочулар, дистрибьюторлор, чекене сатып алуучулар жана эл аралык көргөзмөлөрдүн уюштуруучулары үчүн арналган.

Топтомдо Казакстандан, Кыргыстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан чыккан 120дан ашык жашылча-жемиш экспортоочулар берилген. Маалыматтар алардын өндүрүмүн, бренддерин, сатуу каналдарын жана байланыш каражаттарын камтыйт.

Китепчеге Кыргызстандан төө буурчак, май, кургатылган жемиш, грек жаңгагын жана башка өндүрүм чыгарган сегиз экспорттоочу жөнүндө маалымат кирди.

USAID мурдараак Жашылча-жемиштерди экспорттоо боюнча колдонмону да иштеп чыккан. Анда экспорттук рынокторго чыгыш үчүн зарыл болгон кадамдар сүрөттөлүп, рынокту изилдөө боюнча сунуштар, дүйнөлүк стандарттар, баа түзүү, өндүрүмдү илгерилетүү, таңгактоо процесстерди да көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG