Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:59

Бишкекте ондогон батирлерди тоногон кылмыштуу топ кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалдык милиция кызматы жарым-жартылай чет элдик жарандардан түзүлгөн, батирлерди карактоочу кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, топ үч адамдан турган. Кармалгандардын экөө 32 жашта, Казакстандын жарандары (Г.С. жана Ф.М.), үчүнчүсү Кыргызстандын 58 жаштагы жараны.

Алар Бишкектеги батирлерге кирип ири суммадагы акча каражаттарын, зер буюмдарды тоноп кетип турушкан. Борбор шаарда эле кеминде ондогон батирлерди каракташкан. Соңку факты катары 21-октябрда Бишкектин Матыев көчөсүндө жайгашкан үйдөн 100 миң сомдук акчаны жана башка буюмдарды уурдап кетишкени айтылат.

Тиешелүү фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилди. Иликтөө иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG