Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

УКМК: Коррупцияга жана криминалга каршы күрөш күчөйт


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда коррупцияга жана криминалга каршы күрөш күчөй берерин билдирди. 27-октябрда мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин «бийлик уюшкан кылмыштуу топтор менен келишип алган» деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Атайын кызмат Дүйшөбаевдин айткандары чындыкка дал келбей турганын жана эч кандай негизи жок экенин белгилеп, «УКМК коррупцияга жана криминалга каршы кызуу күрөшүүдө. Бардык иш-чаралар мыйзам чегинде уюштурулуп жатат. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана криминалдык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тийиштүү иштер жасалууда» деп билдирди.

Бүгүн 27-октябрда Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дүйшөбаев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, УКМКнын ишин сынга алган. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалып, кайра коё берилишин жана «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаевдин колго түшүрүлүшүн «театрлашкан шоу» деп атаган жана күч түзүмдөрү, өлкө жетекчилиги өз ишинде мыйзамдарды сактабай жатканын айткан.

Кеңешбек Дүйшөбаевди Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетер алдында 15-октябрда дайындаган болчу. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров аны кызматтан алганы 27-октябрда жарыяланды. Дүйшөбаев 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы болуп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG