Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:30

БШК президенттик шайлоого 549 миллион сом талап кылынарын эсептеп чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө жалпысынан 549 миллион сом талап кылынарын эсептеп чыкты. 27-октябрда мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, 2020-жылга бөлүнгөн акчанын 212 миллион сому үнөмдөлдү, анын 11,5 миллиону өздөштүрүлбөй калган каражат катары кайра мамлекеттик бюджетке кайтарылып берилет. Ошентип, президенттик шайлоого керектүү 549 миллион сомду топтош үчүн бюджеттен дагы 347 миллион сом талап кылынууда.

БШК өкмөттүк аппаратка жана Финансы министрлигине кат жөнөтүп, республикалык бюджеттен 347 миллион сом бөлүп берүүнү өтүндү.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын митинги башаламандыкка айланып, өлкөдө бийлик алмашкан. 2017-жылы алты жылга президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков кызматын 15-октябрда мөөнөтүнөн мурда тапшырып берген.

Боршайком президенттик шайлоону 10-январга белгиледи. Мыйзам боюнча президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткенден кийин бир апта ичинде Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону белгилеши керек. Парламент чечим кабыл албаган учурда шайлоо дайындалган болуп эсептелип, шайлоонун мөөнөтүн аныктоо милдети БШКга өтөт.

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкер катары катышарын жарыялады. (RK)

XS
SM
MD
LG