Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Кыргызстан БУУнун Өнүктүрүү программасынан көмөк сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынан кошумча жардам сурады. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, БУУдагы туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Ахим Штайнер менен сүйлөшүү өткөрдү. Ал кыргыз бийлигинин коронавируска каршы аракеттерине колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, шайлоо процесстерин жакшыртууга да жардам сурады.

Ахим Штайнер учурда Кыргызстандын муктаждыгы изилденип жатканын белгилеп, Кыргызстанга коронавирус эпидемиясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жеңилдетиш үчүн кошумча акча каражатын бөлүү жана техникалык жардам берүү маселеси ошого жараша чечилерин айтты.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда бул илдетке жалпысынан 57 миңдей адам чалдыкты, алардын 1136сы каза болду. Республикада март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Октябрда оорунун экинчи толкуну башталды.

Буга чейин БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң долларлык жардам көрсөткөнү кабарланган.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкандан кийин Кыргызстан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана парламенттик кайра шайлоо алдында турат. (RK)

XS
SM
MD
LG