Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кыйноонун алдын алуу борбору: Атамбаев ачкачылыгын улантууда


Алмазбек Атамбаев, Кыргызстандын мурдагы президенти.
Алмазбек Атамбаев, Кыргызстандын мурдагы президенти.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы шартын көрүп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков «Азаттыкка» билдирип, буларды айтты:

«Атамбаев кармалып жаткан камерада суу чыгып жатыптыр. Канализацияны жаңы кошуптур. Жылуулук өтө жакшы болбосо да берилип жаткан экен. Ал киши ачкачылыгын улантууда. Биз барганда кан басымын өзү текшерип, абактын дарыгерлерине ишенбей жатканын айтты. Ошондой эле ал негизги нааразылыгы катары соттук процесстер ачык өтүш керек экенин билдирди. Учурда Атамбаев төрт кишилик камерада экономикалык кылмыштар боюнча соттолгон бир киши менен чогуу отурат».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Бишкектин №1 тергөө абагына которулганын анын адвокаты Замир Жоошев билдирген. Ал Атамбаев мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузулганын, мурдагы мамлекет башчы ачкачылык акциясын баштаганын, абалы начар экенин айткан эле.

Замир Жоошев ошондой эле Алмазбек Атамбаев жайгаштырылган жертөлөдө көптөн бери эч ким болбогондуктан, жылуулук жаңы гана берилгенин, камеранын эшиги ачык болуп, канализациясы иштебей жатканын маалымдаган. ЖАМК муну ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. Мекеменин басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат таратарын кабарлаган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин негизинде быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары ал бир адамдын өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түндө тарапкерлери абактан бошоткон Атамбаевди атайын кызмат 9-октябрда Бишкекте өткөн митингдеги башаламандыкка байланыштуу кайра кармап кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG