Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

Салык кызматы Финполдун коррупция тууралуу маалыматын негизсиз деп атады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) коррупциялык схема тууралуу 27-октябрдагы билдирүүсүн юридикалык жактан негизсиз деп баалады. Мекеменин басма сөз кызматы бул тууралуу төмөнкүдөй маалымат таратты:

«Мамлекеттик салык кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) салык кызматынын кызмат адамдары алтын өндүрүүчү компания менен коррупциялык схемага аралашкандыгы жөнүндөгү билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын жана эч кандай юридикалык негизге ээ эмес экендигин маалымдайт. Мамлекеттик салык кызматынын 2018-жылы «К.Г.К.» алтын казып алуучу компаниясына карата жүргүзгөн бардык иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана ишке ашырылган. Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинин 54-беренесине («Салыктык сыр») ылайык айыптоого себеп болгон маалыматтарды коомго ачык жооп катары берүүгө укугу жок экендигин билдирет. Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматы тергөө иштеринин алкагында зарыл болгон бардык материалдарды Финансы полициясына берерин белгилейт».

Бүгүн Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке тогуз миллиард сомдук зыян келтирген коррупциялык схема аныкталганын, ага Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү аралашкан деп шек саналып жатканын кабарлаган.

Мекеменин басма сөз кызматы алар жогорку бийлик укуктарына ээ болуп туруп мыйзамсыз жана туруктуу байланыш түзүп, коомчулук менен мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч жараткан кен казуучу компаниялардын бирине артыкчылык шартын түзүп беришкенин маалымдаган. Натыйжада ал компаниядан мамлекеттин бюджетине кошумча салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү түшпөй калганын билдирген.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Коррупция боюнча айыптоого Социалдык фонд азырынча комментарий бере элек.

Мыйзам бузууга аралашканы айтылган компаниянын аталышы ачык жарыяланган жок. Кыргызстанда алтын казуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ири компания «Кумтөр Голд Компани» деп аталат. (RK)

XS
SM
MD
LG