Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Армян премьери ок атпоо режими бузулганын билдирди


Тоолуу Карабак. 26-октябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак. 26-октябрь, 2020-жыл.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабактагы ок атпоо режимин бузганы үчүн бири-бирин айыптады. АКШнын арачылыгында кабыл алынган режим 26-октябрдан тартып күчүнө кирген. Бирок акыркы эки күндө бул режим бузулуп жатканы боюнча маалыматтар байма-бай келип жатат.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эл аралык коомчулуктун эки тарапты элдештерүү боюнча кезектеги аракети ийгиликсиз болгонун билдирди.

«Анын жыйынтыгы катары Азербайжандын аткылоосунун жыйынтыгында жайкын тургундары каза таап, жаракат алышты», деп жазды ал «Твиттердеги» баракчасына.

Азербайжандын Коргоо министрлиги гуманитардык элдешүүнү Армения тарап бузганын билдирүүдө.

«Армениянын Куралдуу күчтөрү 26-октябрда жана 27-октябрга караган түнү азербайжан армиясынан бөлүктөрүнө ар кыл тараптан бир нече куралдын түрү менен аткылады. Согуштук операциялар Хожавен, Физулин, Губатлы аймактарында жүрдү», деп айтылат Азербайжан тараткан билдирүүдө.

Ал ортодо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эки тарапты согушту токтотуп, сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Мамлекеттик департаменттин 27-октябрда тараткан билдирүүсүндө Помпео Азербайжан жана Армениянын жетекчилери менен телефондон сүйлөшкөнү айтылат.

Карабакта жаатташкан тараптар октябрь айынын ичинде эки жолу элдешүү келишимин түзүшкөн. Анын бири Москвада түзүлгөн. Бирок келишим ишке ашырылган эмес.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талашка түшкөн Тоолуу Карабак аймагындагы кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылыштар болууда. Анын жыйынтыгында жүздөгөн адамдын каза болгону, анын ичинде жайкын тургундардын көп экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG