Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Орус тышкы министри коронавирустан улам обочолонууга кетти


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров коронавирустан улам Балкан өлкөлөрүнө пландалган сапарын токтотту. Ал буга чейин коронавирус жуккан адам менен байланышта болгону аныкталган.

Орус тышкы саясат мекемеси 70 жаштагы министрдин саламаттыгы жайында экенин, бирок алдын алуу максатында обочолонууга кеткенин билдирди.

«Мурда пландалган сапарлар кийинкиге жылдырылды», деп билдирди министрлик.

Сергей Лавров 26-октябрда Грекиядан сапардан кайтып келген. 28-29-октябрда Босния менен Герцеговинага жана Сербияга сапар менен бармак.

XS
SM
MD
LG