Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Депутат Мамытов: Конституциянын жаңы долбоору парламентке келип түшө элек


Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты.
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты.

Конституциянын референдумга коюла турган жаңы долбоору Жогорку Кеңешке келип түшө элек. Бул тууралуу 28-октябрда «Азаттыкка» парламент депутаты Талант Мамытов билдирди. Мамытов референдум канчалык эрте өтсө, парламенттик шайлоонун убактысы да ошого жараша аныкталарын айтты:

«Расмий түрдө жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келе элек. Мен депутат катары аны көрө элекмин. Бирок, бул боюнча пикирлер бар. Ар ким өз оюн айтып жатат. «Бир мандаттуу система киргизилет, аралаш система болот» деген... Бул ойлор. Долбоор келсе бардык маселелерди палатадан отуруп чечебиз. Мыйзамга парламенттик шайлоо референдум бүткөндөн кийин болот деген өзгөртүү кирген. Канчалык эрте чечим кабыл алсак, Жогорку Кеңештин шайлоосу да эртерээк өтөт деп ойлойм».

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Боршайком нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарган жана кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Парламент мыйзамга бул шайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү тууралуу өзгөртүү киргизип, аны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен бекиткен. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. БШК жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG