Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды


Алмаз Мамбетов, президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу.
Алмаз Мамбетов, президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Алмаз Мамбетов 2019-жылдын 19-апрелинде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалып, бул кызматтан 2020-жылдын 13-февралында бошотулган. Себеби айтылган эмес. Ага чейин Мамкаттоонун карамагындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин иши Коопсуздук кеңешинин сынына кабылган.

Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болгонго чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп турган. Мэр кезинде өзүнүн мурдагы кызматташы менен телефон аркылуу сөгүнүп сүйлөшкөнү Интернетке тарапган. (ErN)

XS
SM
MD
LG