Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, вирус 538 кишиден табылды


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

28-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алып, 538 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бир суткада илдеттен 414 киши айыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1138ди түздү.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 57 276 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 48 637 киши. Учурда 3 479 бейтап стационарларда, 3 488 киши үй шартында дарыланууда.

28-октябрда коронавирус беш медицина кызматкерине жуккан. Ошону менен пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 602 кишиге жетти, алардын ичинен 3 302 адам айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты. (ErN)

XS
SM
MD
LG