Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

ИИМдин Жол коопсуздугу мекемесинин жетекчисинин орун басары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын (ЖККББ) башчысынын орун басары, милициянын подполковниги «С.Н.Р.» кармалды. Бул тууралуу 28-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге өткөргөн ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө ЖККБнын жетекчилиги тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктаган. Анын жыйынтыгында кармоо 27-октябрда болгон.

УКМК тараткан маалыматта кабарлангандай, кармалган адам ИИМдин Патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлердин жумушка ороноштуруу маселелерин оң тарапка чечип бериш үчүн жана учурдагы кызматкерлерди жогорулатыш үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып турган.

Сотко чейинки териштирүүчү материалдар Жазык кодексинин 328-беренеси («Пара алуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө жана ыкчам издөө иш чараларынын комплекси улантылып жатат.

«С.Н.Р.» аттуу инициал ЖККББ башчысынын орун басарларынын ичинен Сатыбалдиев Нур Рыскановичтикине туура келет.

Бул маселеге байланыштуу Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалы жана кармалган жооптуу кызматкер пикирин билдире элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG