Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

«Үмүт» саясий кыймылы парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылды


«Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» жана башка партиялардын өкүлдөрүнүн басма сөз жыйыны. 28-октябрь, 2020-жыл.

«Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» баштаган бир топ партиянын өкүлдөрү «Үмүт» аттуу саясий кыймыл түзгөнүн жарыялап, парламентке кайра шайлоону Конституцияга ылайык, 20-декабрда өткөрүүнү талап кылышты. Бул тууралуу талабын алар 28-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында кабарлашты.

Чогулгандар шайлоого байланыштуу мыйзамдарга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол коюп, шайлоону калыс өткөрүп бериши керек экенин белгилешти. Алар ошондой эле Баш мыйзамды шашылыш реформалоого каршы экенин, аны президенттик жана парламенттик шайлоону өткөргөндөн кийин добуш берүүгө чыгарса болорун билдиришти.

Партия өкүлдөрү мындан сырткары 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу утулган партиялардын күрөөлөрүн кайра кайтарып берүүнү талап кылышты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарган жана кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Парламент мыйзамга бул шайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү тууралуу өзгөртүү киргизип, аны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен бекиткен. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. БШК жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айткан.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында өтөрүн билдирген. (ErN\AiB)

Пикирлерди көрүңүз (26)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG