Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Министр Казакбаев: Канттагы авиабазаны кеңейтүү боюнча расмий сунуш болгон эмес


Канттагы авиабаза.
Канттагы авиабаза.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын азыркы расмий күн тартибинде Канттагы авиабазаны кеңейтүү маселеси жок. Бул тууралуу 28-октябрда «Азаттыкка» Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Ал жакында Москвадагы иш сапары учурунда да бул тууралуу расмий сүйлөшүү болбогонун айтты:

«Ал жерде эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөрдө Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Канттагы Орусияга таандык болгон базасы боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Кийин жыйынында журналисттер, ошол жерде катышып жаткан эксперттер «Эгер кеңейтүү жөнүндө сунуштар болсо кыргыз тарап эмне кыласыңар?» деп сурашты. Мен андай расмий кайрылуу түшпөгөнүн, бирок эгер ЖККУдан, Орусиядан кеңейтүү жөнүндө расмий сунуш болсо кыргыз тарап Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык сөзсүз карап чыгарын айттым. Бул менин жеке пикирим. Канттагы база эле эмес, дүйнөдөгү башка да өнөктөштөрүбүз кандайдыр бир саясий, экономикалык же коопсуздук боюнча сунуштарды берсе, аны сөзсүз өкмөттө карап чыгабыз».

Казакбаевдин 23-октябрдагы Москвадагы иш сапарынын алкагында Кыргызстандын жаңы бийлиги Канттагы орус аскердик аба базасын кеңейтүүгө даяр экенин айткан билдирүүсү Орусия менен Кыргызстандагы медиа каражаттарында кеңири талкууланып жатат.

Орусиядагы аскердик эксперттердин айтымында, Кантта орусиялык аскердик контингентти кеңейтүү өлкөгө экстремисттик жана террорчул топтордун сырттан кирип келишинин алдын алат.

Ал эми жергиликтүү басылмаларда жана социалдык тармактарда бул билдирүү жаңы өкмөттүн Кремлдин көңүлүн өзүнө буруп, анын саясий жана укуктук легитимдүүлүгүн таанытууга жасаган аракети катары мүнөздөлүүдө.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилип, анын курамына Канттагы майдандан тышкары Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирген.

Жакында Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы соңку бийлик алмашууну бул өлкөнүн шору катары баалап, бирок Москва анын ички ишине кийлигишпей турганын билдирген. (RK/BTo/KJ)

XS
SM
MD
LG