Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

29-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

29-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаандан кийин кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 3…8;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 7…9 градус болот.

XS
SM
MD
LG