Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Муфтият: Сауд Арабиясы кичи ажылык үчүн Кыргызстанга уруксат бере элек


Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечити. 28-июль, 2020-жыл. Мекке шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечити. 28-июль, 2020-жыл. Мекке шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы – муфтият ажылык жана умра (кичи ажылык) ибадатын уюштурууга байланыштуу билдирүү таратып, жагдайга түшүндүрмө берди.

Мекеме Сауд Арабиясы уруксат берген жана уруксат берилбеген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаганын, ага Кыргызстан кирбей калганын маалымдады.

Анда айтылгандай, үчүнчү этап менен 1-ноябрдан баштап сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууга 108 өлкөгө уруксат берилди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларус өлкөлөрү бар. Убактылуу уруксат берилбей турган мамлекеттердин катарында Кыргызстандан сырткары Иран, Египет, Катар жана Италия бар. Бул тизмеге 20 өлкө кирген.

Уруксат берилбей турган 56 мамлекеттин катарында Орусия, Украина, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары бар.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сауд Арабиясы Падышачылыгы адамдардын коопсуздугуна, ден соолугуна кепилдик берген «Коопсуз умра» механизмин иштеп чыкканын, ага ылайык талаптар күчөтүлгөнүн кабарлады.

Маалым болгондой, коронавирус пандемиясынан улам Сауд Арабиясы быйылкы ажылык зыяратка чет элдиктерди киргизбей турганы жай айларында кабарланган. Март айында умра зыяратына да тыюу салынган.

Муфтият кабарлагандай, Сауд Арабиясы Падышачылыгы коронавирус илдети азайган өлкөлөргө 3 этап менен умра ибадатын аткарууга уруксат бериле тургандыгын 23-сентябрда жарыялап, ал үчүн атайын график иштелип чыгарын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG