Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

ИИМ тогуз айда бир тоннадан ашык мыйзамсыз жүгүртүлгөн баңгизат тапты


Кыргызстанда кармалган баңгизат. Архивдик сүрөт.
Кыргызстанда кармалган баңгизат. Архивдик сүрөт.

2020-жылдын тогуз айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы укук коргоо органдары 56 746 кылмышты каттаса, анын 52 434 (92,4%) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери киргизип, иликтөөгө алды. Бул тууралуу 28-октябрда ИИМдин январ-сентябрь айларындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн коллегияда айтылды.

Отчёттук маалда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 643 кылмыш катталган. Жалппысынан бир тонна 277 килограмм 524 грамм баңгизаттар, психотроптук каражаттар менен перекурсорлор алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүлгөн баңгизаттын ичинен төрт килограмм 852 грамм героин, 116 килограмм 102 грамм гашиш, 146 килограмм марихуана, 320 килограмм 802 грамм перекурсорлор жана башкалар 689 килограмм 768 грамм. (ErN)

XS
SM
MD
LG