Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:22

АКШда президенттикке талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууда


АКШнын президенттигине талапкерлердин үгүт баракчалары
АКШнын президенттигине талапкерлердин үгүт баракчалары

АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн алкагында 2016-жылы жеңишке жетишкен Мичиган, Висконсин жана Небраска штаттарында жолугушууларды өткөрдү. Трамп өзүн бул штаттарда маанилүү болуп саналган өнөр жайын жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн күрөшкөн талапкер катары сыпаттап, шайлоочулардын добушун бул жолу да алууга үмүттөнүп жатат.

Мичигандагы шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып Кошмо Штаттардын президенти автоунаа өнөр жайы өнүккөн штат үчүн 3-ноябрдагы шайлоо «экономикалык жактан аман калуунун маселеси» болорун эскертти. Ал Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байденди «автоунаа өндүрүшүнө зыян келтирчү саясатты колдойт» деп сынга алды.

Андан соң Дональд Трамп 2016-жылы алдыга чыккан Висконсин штатына барды. Учурдагы сурамжылоолор бул штатта Байден алдыда баратканын көрсөтүүдө. Трамптын үгүт сапарынын кийинки пункту Небраска болду. Бул штатта буга чейинки шайлоодо азыркы президент абдан чоң айырма менен алдыга чыккан эле.

Бул үч штат Дональд Трамптын шайлоодо ийгиликке жетиши үчүн абдан чоң мааниге ээ болот.

Ал эми Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байден акыркы күндөрү Жоржия штатында шайлоочулар менен жолукту. Бул штатта 1992-жылдан бери Демократиялык партиянын талапкерлери алдыга чыга элек. Бирок быйылкы сурамжылоолор боюнча Байден алдыда экени айтылууда.

Жо Байден президенттикке шайланса бардык шайлоочулардын кызыкчылыгын коргоого сөз берди.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG