Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Парламентте Садыр Жапаров жетектеген өкмөттүн курамы ант берди (видео)


Саыр Жапаров, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу.
Саыр Жапаров, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу.

Жогорку Кеңеште премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү.

Парламенттин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын премьер-министрлигине бир добуштан шайланып, өкмөттүн ал сунуш кылган курамы жана түзүмү жактырылган.

Ага ылайык мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьер, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министр болушкан.

Бүгүн Исмаилованын ордуна социалдык маселелер боюнча вице-премьер катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элвира Сурабалдиева ант берди. Ал мандатын 27-октябрда тапшырганы белгилүү болгон. 28-октябрда өкмөт башчы Сурабалдиеванын талапкерлигин вице-премьерликке көрсөтүп, депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Аида Исмаилова вице-премьерлик кызматтан 27-октябрда алынган. Бүгүн ал Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтүлүп, бирок парламенттин колдоосуна ээ боло алган жок. Бул министрлик орунга жаңы талапкер көрсөтүлө элек.

Парламентте өкмөт башчы Садыр Жапаров, анын жогоруда аты аталган төрт орун басары менен кошо төмөнкү жетекчилер ант беришти:

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев, финансы министри Кыялбек Мукашев, транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов.

Ант берүүгө тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышкан жок. Муну премьер-министр Жапаров министрдин Казакстанга иш сапарына кеткени менен түшүндүрдү.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталып, бийлик алмашкан.

15-октябрдан тартып өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттин да милдетин аткарууда. (RK)

Парламент 31-өкмөттүн антын укту
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:29 0:00

XS
SM
MD
LG