Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Дүйшөбаев: Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери августтан бери айлык ала элек


Кеңешбек Дүйшөбаев, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев «Азаттыкка» маек куруп, кызматтан кетишинин себептери, аткарган жумуштары жана президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун ал жөнүндө айткан кептери тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Ал кыска мөөнөттүк ишинде Жапаровго жалпысынан он чакты маселе боюнча кат жазганын, анын ичинде коррупцияга жана криминалга каршы күрөшүү, чек ара, коронавирус жана башка маселелер боюнча маалымат бергенин айтты. Мындан сырткары аскерлердин абалы жөнүндө да билдирүү бергенин маалымдап, маселени ачыкка чыгарды.

«Биздин Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери август айынан бери маяна ала элек. Мына, үч айдан бери. Бул мен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда мага берилген так маалымат. Мен бул боюнча башкы командачы Садыр Жапаровго кат жибергем. Буга бюджеттин тартыштыгы себеп. Эгерде бизди коргоп жаткан аскерлерибизди тез аранын ичинде камсыз кылбасак, алардын да үй-бүлөсү бар, жашоо турмушу бар, алар эртең митингге чыкса не болот? Бул абдан коркунучтуу нерсе да», - деди ал.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева алардын мекемесинин жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин «маянасы кечигип жатат» деген маалыматты төгүндөдү. Ал кызматкерлер октябрь айынын айлыгын да колуна алышканын тактады.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өзү кызматын өткөрүп берер алдында, 15-октябрда Кеңешбек Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындаган. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 27-октябрдагы жарлыктары менен Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматынан бошотуп, анын ордуна Рыскелди Мусаевди койгон.

Кеңешбек Дүйшөбаев иштен алынгандан кийин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Садыр Жапаров аны кабыл албай койгону үчүн кызматтан кетип жатканын айткан. Дүйшөбаев ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевдин кармалышын «театрлашкан шоу» деп баалаган.

27-октябрда Коомдук биринчи каналда болгон маегинде президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров «Кеңешбек Дүйшөбаев бул кызматта иштөөгө моралдык укугу жок болгону үчүн кызматтан алынганын» айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG