Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Садыр Жапаров парламенттен экономикалык мыйзамдарды тез арада колдоп берүүнү өтүндү


Садыр Жапаров, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу
Садыр Жапаров, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлорун киргизгенин билдирди. 28-октябрда парламент алдында өкмөт башчы катары расмий ант бергенден кийин Жапаров кыскача сөз сүйлөп, депутаттарга «оор абалда кезексиз жыйындарга чогулуп, өкмөттү бекитип бергени үчүн» ыраазычылыгын билдирип, ошол мыйзамдарды тезирээк кабыл алып берүүнү өтүндү.

«Сиздерге кезексиз кароого экономикалык мыйзамдар киргизилди. Ошолорду карап, бүгүн бүтүрүп беришиңиздерди суранып кетет элем. Чоң жардам берген болосуздар, бизге», - деди.

Ал кайсы мыйзамдар тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Жапаров ошондой эле парламентте ант берген жетекчилерге кайрылып, аларды «абал тез арада турукташып кетишине, бир кишинин кызыкчылыгы эмес, жалпы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн конституциялык реформа жасоого жардам берүүгө» чакырды.

21-октябрда Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген. Мындан тышкары ал ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер токтотуларын айткан.

Жапаров башында турган бийлик президенттик шайлоодон кийин конституциялык реформа өткөрүп, соңунан, келерки жылдын жарымына чейин парламенттик шайлоо өткөрүүнү көздөп жатат. Жаңы Конституциянын долбоору жарыяланганы тууралуу маалымат тарай элек.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусун шарттаган. Өкмөттү 6-октябрда абактан бошонуп чыккан Садыр Жапаров жетектеп, 14-октябрда парламент ал сунуш кылган өкмөттүн курамын колдоп берген. Бүгүн алар Жогорку Кеңеш алдында Конституцияга колун коюп, антын беришти. (RK)

XS
SM
MD
LG