Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

COVID-19: Дагы бир адам каза болду, 522 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Баткен облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 139 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 522 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында.

Оору жуккандардын жалпы саны ошентип 57 798 кишиге жетти.

Бир күндө 460 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 444 адам жатат, дагы 3 580 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 605ке жетти, алардын 3 309у айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору үч дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG