Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

Бизнес-акыйкатчы: Кыргызстандагы саясий туруксуздук экономикага чоң сокку урду


Робин Орд-Смит, Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы.

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, мыйзамдуулукту сактоо, бизнести өнүктүрүү жана аны коргоону камсыз кылуу маанилүү экенин эске салды.

«Биз өлкө үчүн татаал кырдаалга кабатырланып жатабыз. Бул экономика, бизнес, жарандар жана мамлекет үчүн өзгөчө оор жыл болду. Пандемия жана саясий туруксуздук өлкөнүн экономикасына чоң сокку урду. Буга байланыштуу экономиканы турукташтыруу жана өнүктүрүү үчүн төрт негизги нерсеге көңүл буруу зарыл», деп айтылат анын кайрылуусунда.

Робин Орд-Смит төрт нерсе деп, эл аралык уюмдардын Кыргызстанга ишенимин калыбына келтириш үчүн чечкиндүү аракеттерге барууну, реформа жүргүзүүнү, бизнести өнүктүрүш үчүн шарт түзүүнү, ишкерлерди жана инвесторлорду толук коргоону атап өттү.

Бизнес-акыйкатчы ушул жана башка ойлорун өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 23-октябрдагы чукул отурумунда да айткан. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров баштаган өкмөткө Кыргызстандагы бизнес ассоциациялар жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун ишканаларын басып алуу аракеттери уланып жатканына даттанышкан. Жыйынга катышкан Садыр Жапаров инвесторлорду, жалпы бизнес коомчулугун коргойт деп ишендирген.

Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит бизнес-акыйкатчы болуп 2019-жылдын август айында дайындалган. Бизнес-акыйкатчы институту өкмөттүн 2018-жылдын 31-декабрындагы токтомунун негизинде түзүлгөн. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG