Эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын 25 жаштагы «И.Н.» аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу 29-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Анда айтылгандай, шектүү 26-октябрда колго түшкөн. Кармалган адам ЭТУнун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Сириядагы согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүш үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөнү аныкталды.
Террордук ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки материалдар Кылмыштар менен жолуктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө