Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Боршайкомдун мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлиги көрсөтүлдү


Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлүгүнө бул мекеменин мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул маалыматты «Азаттыкка» 29-октябрда Сариев өзү тастыктап, макулдугун бергенин, азарынча чечим кабыл алына элек экенин айтты:

«Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары мен тууралуу «Абдрахматованын ордуна отурду» деп жазышыптыр, кээ бирлери төрага да кылып коюптур. Анын баары азырынча жалган. Себеби, биринчиден, Жогорку Кеңеш мени колдойбу же колдобойбу, билбейм. Ачык айтыш керек, мага карата депутаттардын баарынын эле көзү түз эмес. Ошондуктан мени шайланат же шайланбайт деген маселе эртерээк деп ойлойм. Талапкерлиги көрсөтүлгөнү шайланат деген сөз эмес. Добуш берүү жашыруун болот. Кворум маселеси тартыш болуп тургандан кийин шайлангандык тууралуу бир өңчөй айтуу эртерээк. Колдосо иштеп берем, колдобосо таарыныч жок».

Сариевдин талапкерлигин Жогорку Кенештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракцясы көрсөткөнү маалым болду.

Акылбек Сариев Боршайкомдун төрагасы болуп 2010-2011-жылдары иштеген, 2002-2008-жылдары БШКнын мүчөсү болгон.

Буга чейин парламент БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын өзү жазган арызына ылайык токтоткон.

БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен президент, парламенттеги коалициялык көпчүлүк жана коалициялык азчылык көрсөтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG