Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

Бишкек ЖЭБи аварияга кабылганы кабарланды


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Интернет колдонуучулар Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) аварияга кабылганын жазып, социалдык тармактарда сүрөт, видеолорду жарыялап жатышат.

Башка колдонуучулар борбор шаардын бир топ райондорунда жарык өчүп калганын жазышты.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын өкүлү Фатима Төрөканова менен «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева азыр эмне болгонун тактап, андан кийин жооп берерин билдиришти.

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров 27-октябрда Бишкек ЖЭБинин 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип кеткен.

Бишкек ЖЭБи жалпысынан 129 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240 чамалуусу - социалдык обьект.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG