Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Жалал-Абад милициясы: Бозумчак комбинатына кирип баргандар боюнча териштирүү башталды


Бозумчак кени.
Бозумчак кени.

Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» алтын комбинатына жергиликтүү 100дөй жаран барып, талап койгону тууралуу мурда маалымат тараган. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.

Маалыматка караганда 28-октябрда саат 14:00 чамаларында Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан кен казуучу ишкананын ичине жергиликтүү 100дөй тургун кирип барып, «айылдын жолун оңдойсуңар, анан иштейсиңер» деген талап койгон.

Басма сөз кызматы бул фактыны Ала-Бука РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен каттап, териштирүү иштерин баштаганын, азыркы учурда аталган аймакта абал туруктуу экенин билдирди.

Милиция бышыктаган бул окуяга байланыштуу Бозумчак алтын кенинин жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн комментарий алуу мүмкүн боло элек.

27-октябрь күнү Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында райондун эли жана тийиштүү мамлекеттик кызматкерлери кен казган компаниялардын ишин жандандырууну сүйлөшүп, бирок орток пикир таба алган эмес.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан. Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган. Алардын өкүлдөрү Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Бирок алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес. (TB)

XS
SM
MD
LG