Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Казакстанда активисттердин үйлөрү тинтилди


Казакстандын баш калаасы Нур-Султан.
Казакстандын баш калаасы Нур-Султан.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султандын полициясы бир нече жарандык активисттин үйлөрүндө тинтүү жүргүздү. Активисттер Алматыда 31-октябрга белгиленген митинг алдында басымга туш болушканын айтышууда. Шаар бийлиги эки укук коргоочуга акция өткөрүүгө уруксат берген.

Активисттер саясий реформаларды, куугунтукту токтотууну талап кылып чыгууну көздөшөт.

Нур-Султандын тургуну, активист Серик Жахин полиция шейшембинин кечинде үйүнө келип, эч кандай документ көргөзбөстөн телефонун, эски блокнотторду алып кеткенин «Азаттыкка» айтып берди.

Дагы бир активисттин айтымында, тартип коргоочулар ага соттун санкциясы жок барышкан. Эки активисттен шаардан чыкпоо жөнүндө тилкат алынганы кабарланды.

Баш калаа сотунун басма сөз кызматынын жетекчиси санкциялар качан берилгенин тактоодон баш тартты. Ал эми полиция департаменти активисттердин үйлөрү тинтүүгө алынганын бышыктап, мунун бардыгы сот токтомунун негизинде болгонун билдирди.

Казакстанда быйыл майда кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандар тынч митинг тууралуу жергиликтүү бийликти алдын ала кабардар кылууга тийиш.

Акимиат жактырбаса, акция мыйзамсыз болуп саналат жана катышуучулар административдик жазага тартылышы мүмкүн. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары мыйзам тынч митингдерди өткөрүүнү татаалдаштырып, бийликке андай иш-чараларды көзөмөлдөө ыйгарымдарын берди деп сындашууда.

XS
SM
MD
LG