Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Уфанын мэри коронавирустан улам каза болду


Ульфат Мустафин, Уфа шаарынын мэри.
Ульфат Мустафин, Уфа шаарынын мэри.

Башкырстандын борбору Уфанын башчысы Ульфат Мустафин коронавирустан өпкөсү кагынып каза болду. 61 жаштагы Мустафин Уфаны 2008-жылдан бери башкарып келе жаткан. 20-октябрда айрым жергиликтүү маалымат каражаттары шаар башчысы оор абалда учак аркылуу Москвага жеткирилгенин жазышкан. Уфанын мэриясы бул маалыматты четке кагып келген.

Мустафин Орусияда коронавирустан улам көз жумган алгачкы жетекчилердин бири болду. Буга чейин Чувашиянын мурдагы башчысы Михаил Игнатьев жугуштуу вирустан улам көз жумганы айтылган.

Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, Орусияда 29-октябрга карата 1,5 миллиондон ашык адам коронавирус жугузуп, каза болгондор 27 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG