Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери.
Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Бул тууралуу ал 30-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирип, партиянын атынан эмес, жеке адам катары талапкерлигин коюп жатканын, жазган арызын Боршайкомго бүгүн тапшырарын айтты:

«Бул партиянын көрсөтүүсү эмес, мен жеке кыргыз жараны катары талапкерлигимди көрсөтүп жатам. Себеби Кыргыз Республикасынын президенти бир да саясий партиянын же топтун, кызыкчылыгы бар класстын мүчөсү болбой, бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон, бардык топтордун кызыкчылыгын коргогон инсан болушу зарыл».

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG