Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:11

Бишкекте энергетиктер нааразылык акциясына чыгышты


Акциянын катышуучулары тарткан сүрөт. 30-октябрь, 2020-жыл.

«Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери 30-октябрда «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын алдына нааразылык митингине чыгышты.

Алар жетекчиси иштен алынып, ордуна жаңы адам дайындалышына нааразы болуп жатышат.

27-октябрда Доскул Бекмурзаевдин ордуна башкы директорлукка Улан Астаркулов дайындалган. Кызматкерлер муну саясий чечим деп баалашууда.

Алардын маалыматына караганда, башкы директорду алмаштырууда мыйзам одоно бузулган. Мунун себебин алар Бекмурзаевдин иштен кетүү тууралуу арызында 28-октябрь деп жазылып турганы, ал эми жаңы жетекчи 27-октябрда дайындалганы менен түшүндүрүштү.

Митингчилердин айтымында, алар буга чейин «Улуттук энергохолдингге», Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кайрылышкан, бирок жооп болгон эмес.

«Түндүкэлектр» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 27-октябрь күнү компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Бекмурзаев бошотулуп, анын ордуна Астаркулов дайындалды. Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана «Улуттук энергохолдинг» менен макулдашылган.

Компаниянын маалыматтык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери Бактыбек Жакыпов жетекчилик кызматта иштегенине 1,5 ай болгон Бекмурзаевдин алынышын «энергетиктердин намысын тебелеген окуя» деп баалаган.

Астаркулов бул компанияда 2017-жылы коммерциялык директор болуп иштеп кеткен.

«Түндүкэлектр» – Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу бөлүштүрүүчү компания. (SE\RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG