Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

ИИМ: Жыл башынан бери 60тай бала жол кырсыгынан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери жол кырсыктарынан 59 баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу маалымат Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сайтына жарыяланды. Балдар туш болгон жол кырсыктарынын жалпы саны 915ке жетип, 1 063 бала жаракат алды.

ИИМдин маалыматына караганда, быйылкы жылдын тогуз айында 4 184 жол кырсыгы катталып, жалпысынан 496 адам каза болду, 6 271 адам ар кандай жаракат алды. Былтыр ушул эле мөөнөт аралыгында 4 691 кырсык катталып, 529 адам көз жумган.

Жол кырсыктарын азайтуу максатында Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылууда. Ири шаарларга жана негизги жолдорго видеокөзөмөл орнотулган. Жолдо жүрүү эрежесин бузгандарга айыппул салынат. Бирок адамдар видеокамераларды талкалап салышкан учурлар бар экенин, техникалык чыгым миллион сомдоп саналарын милиция органдары билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG