Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Эрлан Догдурбеков «ЭлТР» каналына жетекчи болуп дайындалды


Эрлан Догдурбеков, ЭлТРдин башкы директору. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Эрлан Догдурбеков, ЭлТРдин башкы директору. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп Эрлан Догдурбеков дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаровдун дагы бир буйругу менен бул кызматка 19-октябрда дайындалган Шаиста Шатманова иштен бошотулду.

Догдурбеков буга чейин ушул эле телерадиокомпанияда режиссёр болуп иштеп келген.

«ЭлТР» мамлекеттин бюджетинен каржыланат. Ал өлкөнүн бардык аймагына көрсөткөн экинчи ири канал. Каналдын базасында 2005-жылга чейин аймактык «Ош 3000» каналы иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG