Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Наркология борборунун кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты


Наркология борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдында. Сүрөт Айбар Султангазиевдин "Фейсбук" баракчасынан алынды.
Наркология борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдында. Сүрөт Айбар Султангазиевдин "Фейсбук" баракчасынан алынды.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык наркология борборунун кызматкерлери бүгүн, 30-октябрда министрликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар борбордун имаратын жана жайгашкан жерди жанындагы Республикалык дерматовенерология борборуна өткөрүп берүү тууралуу сөз жүрүп жатканын, андайга каршы экенин билдирип жатышат.

Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда учурда акциянын катышуучулары менен министрликтин өкүлдөрү жолугуп жатат. Адис наркология кызматын өз алдынча мекеме бойдон калтырыш керек экенин билдирди:

«Биринчиден, Наркология кызматы мамлекеттик кепилдик программасына кирет. Экинчиден, мындай борборлор республика боюнча эки эле жерде бар – Бишкекте жана Ошто. Баңгиликтен жана ичкиликтен жабыркаган бейтаптар жата турган башка жер жок».

Айбар Султангазиев «СПИД, кургак учук жана малярия ооруларына каршы глобалдык фонд» уюму үч жылга 27 миллион доллар бөлгөнү жатканын, Кыргызстандын Наркология кызматына да акча берилерин, эгер борбор жабылса акча түшпөй калышы мүмкүн экенин айтты.

Акцияга барган наркологиялык бейтаптардын укугун коргоо менен алектенген юрист Эрик Ирискулбеков да эки мекемени бириктирүүнү туура эмес деп эсептеди:

«Эгер ошондой болсо наркологияга көңүл тийиштүү деңгээлде бурулбай калат. Эң башкысы, анын имаратын алып койгону жатышыптыр, ал жерде атайын наркологиялык бейтаптарга ылайыкташкан жабдыктар бар, шарттар түзүлгөн».

Наркология борборунун маалыматына караганда, 180 орунга эсептелген мекемеде азыр 185 адам дарыланууда, орундардын толушу дайыма 94% жана андан жогору болуп турат. Ал эми 70 орундуу дерматология мекемесинде орточо 30 бейтап жатат. Бир жылда нарколог адистердин дарылануусунан 5,5 миңдей адам өтсө, дермотология мекемесинде бул көрсөткүч 600дүн тегерегинде болот.

Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү акцияга чыккандардын талабы жана алар менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу расмий комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG