Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 08:24

Ошто Франциянын президентине каршы акция уюштурулду


Эмануэл Макрон.

Ош шаарында Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы акция уюштурулду.

30-октябрда Макрондун жүзүнө буттун изи түшүрүлгөн сүрөттөр калаадагы жолдордун жүргүнчүлөр өтчү жерлерине жабыштырылды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы мунун тастыктап, аны ким уюштурганы азырынча белгисиз экенин билдирди.

16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген.

Макрондун чакырыгы түрк өкмөтүн камтама кылып, мусулмандарга каршы күрөш катары мүнөздөлгөн. Ушундан улам эки өлкөнүн дипаломатиялык алака-каташы чыңалып турат.

Франциянын президентине мусулман коомчулугунун айрым катмарынын нааразы маанайы күч алып турган учурда Ницца шаарында 29-октябрда бычак менен куралданган белгисиз адам чиркөөнүн жанында үч адамды өлтүрдү. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG