Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын бири тергөө менен кызматташуудан баш тартты


Амантур Жамгырчиев, Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучу. Сүрөт «AKIpress» агенттигине таандык.
Амантур Жамгырчиев, Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучу. Сүрөт «AKIpress» агенттигине таандык.

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын бири Амантур Жамгырчиев тергөө менен кызматташуу тууралуу мурда кол койгон макулдашуусунан баш тартты. Бул жөнүндө ал 30-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Жамгырчиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» маалымдагандай, анын тергөө менен кызматташуудан баш тартышына өлкөдө бийлик алмашып, иштин калыс тергелишине үмүт жаралганы себеп болду.

«Садыр Жапаровдун «саясий куугунтук болбошу керек» деген сөзүн угуп, абал өзгөрүлдү деген ой менен Жамгырчиев макулдашуудан баш тартып жатат, эски бийлик кеткендиктен үмүт пайда болуп. «Макулдашуудан баш тарткандан кийин кайра камап салбай, сот отурумун мыйзам чегинде ачык өткөрүп, актыгымды далилдөөгө мүмкүнчүлүк бериңиз» деп президенттин милдетин аткаруучуга, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко кайрылды. Себеби макулдашууну бузгандан кийин сот анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камап койгонго толук укугу бар», - деди ал.

Жактоочунун айтымында, Жамгырчиев Кой-Таш айылына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы аяктагандан кийин баргандыктан, окуяга тиешеси болгон эмес. Ал Бишкектин №1 тергөө абагында бир нече ай отуруп, психологиялык кысымга кабылгандыктан тергөө менен макулдашууга мажбур болгон.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам каза болуп, 175 адам жараат алган.

Бул иш боюнча баш-аягы 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган. Сот аягына чыга элек.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралары айтылган. Алар алгач кармалып, кийин коё берилген.

Жамгырчиевдин үстүнөн сот быйыл сентябрда башталган. Адвокаттын айтымында, үч соттук отурум болду, бирок бирөөнө да прокуратура тарап келген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG