Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Элди жана турак жайды каттоо парламенттик шайлоодон кийин өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов 29-октябрда өкмөттүн жыйынында билдиргендей, эл каттоо 2021-жылы парламенттик шайлоодон кийин өтүшү мүмкүн. Султановдун айтымында эл каттоону быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин өткөрүү пландалып, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 20-ноябрга жылдырылган.

«20-ноябрга да мүмкүнчүлүк болбой жатат, - деди ал. - Себеби, ноутбуктарга көз каранды болуп калдык. Мамлекеттик каттоо кызматынан 3000 ноутбук алып, каттоого дайындадык эле. Биз электрондук ыкма менен каттоону КМШ аймагында биринчи болуп өткөрүп жатабыз».

Султановдун маалыматына караганда элди жана турак жайды каттоо жараянына бюджеттен 357 миллион сом каралган. Ал эми каттоо жүргүзүүчү адистерди окутуу учурундагы тамак-ашына, пандемия убагындагы санитардык жабдууларга эл аралык уюмдар (БУУ, ЮНФПА)бюджетке 16 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

«Парламенттик шайлоо өткөндөн кийин каттоо жүргүзүш үчүн ушул сумманы эми келерки жылдын бюджетине кошуш керек болуп жатат», - деди Султанов.

Кыргызстандагы каттоо жараянын жүргүзүш үчүн 28 миң адис даярдыктан өткөн. Өкмөт бул өнөктүктү өтө маанилүү мамлекеттик деңгээлдеги олуттуу иш-чара катары баалаган.

Кыргызстандын калкы 6,5 миллионго чамалады. Акыркы жолу эгемен Кыргызстандын тарыхында эл каттоо 2009-жылы өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG