Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койгону мамлекет башчынын расмий сайтына 30-октябрда жарыяланды.
Дагы бир жарлык менен ага чейин бул кызматта иштеп келген Наргиза Мансурова берген арызынын негизинде бошотулду.
Анаркулов «Майдан.kg» сайтынын башкы редактору, «Ата-Журт», «Мекенчил» саясий партияларынын басма сөз катчысы болуп иштеген. «Мекенчил» партиясынын шайлоо тизмеси менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан.
Парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. 2017-жылы алты жылдык президенттик мөөнөткө шайланган Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматын тапшырып берген.
Азыр президенттин милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткарууда. 29-октябрда мамлекет башчынын басма сөз катчысы болуп тележурналист Галина Байтерек дайындалган. (RK)