Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Улуттук тарбияга байланыштуу «Башат» деген мультфильм тартылды


Мультфильмден алынган сүрөт.

Кыргызстанда балдарга улуттук тарбия берүү максатында «Башат» деп аталган мультфильм тартылды. Бул тууралуу анын сценарийин жазган Мирлан Алтымыш уулу кабарлады.

Тасмада шаарда тили орусча чыккан балдарга кыргыз тилин үйрөтүү, улуттук нарк-насил, тарых тууралуу мазмун камтылган. Мультфильмдин кичинекей каарманы шаардан айылга барып, ага чоң атасы улуттук баалуулуктар тууралуу маалыматтарды берет.

Андан тышкары, ынтымакта жашоо, достуктун кадыры, эмгектенүү, маданият тууралуу баяндалат.

«Долбоордун автору - белгилүү агартуучу Мамбетасан Ибраев. Демөөрчүсү Азамат Исмаилов. Аталышын акын Садырбек Турдубек уулу «Башат» койду»,- деди Алтымыш уулу. (MSD)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG