Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

Казак президенти Кыргызстанга көмөк көрсөтүү тууралуу пикирин билдирди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Нур-Султанда кабыл алып, анда Кыргызстанга көмөк көрсөтүү жөнүндө сөз кылды. Бул тууралуу Акордонун расмий сайты 30-октябрда кабарлады. Маалыматка ылайык, Токаев казак тарап Кыргызстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл буруп жатканын, болгон окуяларды «өлкөнүн ички иши» деп эсептей турганын белгилеген.

«Боордош кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабайбыз. Ошондуктан Кыргызстанга көмөк көрсөтүш үчүн бардык аракетти көрөбүз жана көргөнбүз. Эки мамлекеттин ортосундагы карым-катыш буга чейинки келишимдердин негизинде андан ары өнүгүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырабыз», - деди Токаев.

Кыргызстанда октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин кызматка келген тышкы иштер министр Руслан Казакбаев өлкөдө кырдаал турукташып, саясий жараяндар укуктук нукка кайтып жатканын айткан. Ал кыргыз тарап эл аралык милдеттенмелердин, бир тараптуу жана көп тараптуу мурдагы келишимдердин аткарылышына бекем турарын билдирген. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайты жазды.

Ошондой эле сайт кыргыз тараптын кошуна өлкөнүн тынчсыздануусун эске алып, Казакстандын инвестициясынын коопсуздугун сактоого чара көрүү жөнүндө убадасын жазган. Тараптар сүйлөшүүдө коронавирустун жайылышына каршы биргелешкен аракеттерге өзгөчө маани бергени да белгиленген. Жолугушуунун соңунда «Казакстандын президенти Кыргызстандын жаңы жогорку бийлигинин ишине ийгилик каалаганы» жазылган.

Бир күн мурда Казакбаев казак премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусунда казак бийлигинен Кыргызстандын бюджетин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында акчалай жардам берүүнү өтүнгөнү кабарланган.

6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашты. Октябрь айынын ортосунда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетти. Алгач өкмөт башчылыкты колуна алган Садыр Жапаров 16-октябрдан бери президенттин да милдетин аткарууда.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG